Президент Эрдоган France 24 телекөрсөтүүсүнө маек берди

Прездент Р. Т. Эрдоган ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГ тууралуу буларды айтты : «Келе турган коркунучтарга каршы операцияга даярбыз».

765685
Президент Эрдоган France 24 телекөрсөтүүсүнө маек берди

Прездент Р. Т. Эрдоган ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГ тууралуу буларды айтты : «Келе турган коркунучтарга каршы операцияга даярбыз».

France 24 телекөрсөтүүсүнүн суроолоруна жооп берген Эрдоган : «Азыркы учурда кандайдыр бир коркунуч боло турган болсо биздин аскерлерибиз Эркин Сирия Армиясы менен бирге ал жерде бардык операцияга даяр»,- деди.

Президент АКШ тарабынан ЙПГ террордук уюмуна берилген оор куралдарын чогултарына ишенүүнүн кыйын экендигин да баса белгилеп : «Бизге эмне деп жатышат? Биз бул куралдарды кайра алабыз дешет. Эч ким эч кимди алдабасын»,- деди.

Катар кризисиндеги акыркы абалга да токтолгон президент Түркиянын бул өлкөдөгү базасын жойбоо тууралуу  берилген суроо боюнча ; АКШ менен Франциянын да аймакта базасынын бар экендигин эске салды.

«Катардын бизден суранычы, талабы боло турган болсо албетте биз кааланбаган жерде болбойбуз»,- деген Эрдоган маселенин Доха башкаруусуна байланыштуу экендигин белгиледи.

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет жана Бахрейндин Катарга карата 13 беренелик тизме даярдагандыгын эске салган Эрдоган : «Бул жерде беренелер бар, бул беренелер мен сени мамлекет катары тааныбаймын, ошондуктан сен мамлекет катары бардык иштериңден баш тарт дегендикке жатат. Мындай нерсени кабыл ала албайбыз. Муну Катар каалабагандан кийин биз муну эч качан аткарбайбыз»,- деди.

Чыр  - чатактуу плакат маселесине да токтолгон президент : «Бул окуя болуп жатканда немис полициясы да ошол жерде болчу. Немис полициясынын жанында ушундай кыймылдар жасалууда жана буга немис мекемелери тилекке каршы үнүн чыгарбай жатат. Бул кыймыл үчүн фашизм дегенден башка эмне деш керек. Бирок мындай фашисттик кыймылга немис мекемелери мүмкүнчүлүк бербеши керек»,- деди.

Эрдоган 7 – 8 – июль күндөрү Гамбургда өткөрүлө туган 12 -  чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинде бул маселени күн тартибине алыр келерин белгиледи жана : «Дүйнөнүн 80 пайызын түзгөн бир мекеме. Мындай кыймылдардын Германияда болушу ойлондуруучу, капалантуучу»,- деди.



Тектеш кабарлар