Турист санында өсүү

Түркияга келген чет элдик турист саны өткөн жылга караганда 16, 27 пайызга өсүү көрсөтүп, 2 миллион 889 миң 873  болду.

761599
Турист санында өсүү

Бул жылы май айында Түркияга келген чет элдик турист саны өткөн жылга караганда 16, 27 пайызга өсүү көрсөтүп, 2 миллион 889 миң 873  болду.

Маданият жана туриз министрлигинин интернет сайтында коопсуздук боюнча башкы директорлугунун 2017 – жылдын май айында өлкөгө кирип чыгуу статистикаларына орун берилди. Ушуга караганда Түркияга 2017 – жылы январь  - май айларынын ортосунда келген чет элдик турист саны 2016 -  жылдын январь – май мегзилине караганда 5, 55 пайызга өстү. Бул мезгилде Түркияга келген чет элдик саны 8 миллион 762 миң 509 болду.

Түркияга май айында эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде Орусия 21, 6 пайыздык катнаш менен биринчи орунду алды. Статистикаларга караганда Орусиядан Түркияга 608 миң 472 турист келди.

Түркияга эң көп турист жиберген экинчи өлкө 295 миң 7 киши менен Германия болсо, 235 миң 462 киши менен Грузия үчүнчү орунду алды.

Түркияга бул жылдын акыркы беш айында эң көп турист келген өлкөлөрдүн тизмесинде да Орусия 928 миң 376 киши менен биринчи, Грузия 874 миң 955 киши менен экинчи, Германия болсо 863 миң 572 киши менен үчүнчү орунду алды.

Статистикаларга караганда 2017 – жылы май айында Түркияга келген чет элдик кишилердин 98, 35 пайызын туристтер түзүүдө.



Тектеш кабарлар