Түркия дүйнөдө эң көп баш калкалоочуну кабыл алган өлкө

Өмер Челик Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады

756837
Түркия дүйнөдө эң көп баш калкалоочуну кабыл алган өлкө

Түркиянын Европа Биримдиги боюнча министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик баш калкалоочу жүгүнүн Түркия менен катар бир канча өлкөгө жүктөлбөшү керектигин белгиледи.

Челик «20-июнь: Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнөн» улам жарыялаган билдирүүсүндө, Түркиянын 3 миллиондон ашуун баш калкалоочу менен дүйнөдө эң көп баш калкалоочуну кабыл алган өлкө экенин белгилеп, Түркия менен Европа Биримдигинин макулдашуусунун негизинде Эгей деңизиндеги өлүм окуяларынын да азайтылганын баса белгиледи.

Өмер Челик айрыкча: «Баш калкалоочу маселесинин жүгүн Түркия менен катар бир канча өлкөгө ташытуу адилеттүүлүккө терс болот»,-деди.

Дүйнө жүзүнө да кайрылган Европа Биримдиги министри: «Эл аралык жамааттан күтүүбүз, жүк бөлүштүрүү мамилесинин алкагында маселеге көңүл буруулары жана биздин аракеттерибизге колдоо көрсөтүүлөрү»,-деди.

Челик билдирүүсүндө, Түркиянын бүткүл дүйнөгө үлгү болгон адамдык жана ахлактык жоопкерчилигин уланта турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар