Түркиянын өнүгүүсүн эч ким токтото албайт
Түркия дүйнөдөгү 10 чоң мамлекеттин бири болот
Ички иштер министри Сулейман Сойлу Түркиянын ар түрдүү террорго карабастан өсүүсүн жана өнүгүүсүн уланта турганын айтты.
Сойлу Аксарайда «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын ооз ачтыруу программасына катышты.
Ооз ачуудан кийин аксарайлыктарга кайрылган Сойлу, Түркиянын өнүгүүсүн эч ким токтото албай турганын айтты.
Ошондой эле Сойлу: «Кааласа террордук уюм ДЕАШ болсун, кааласа Фетуллахчы террор уюму ПКК болсун, кааласа DHKP-C болсун, кааласа бул өлкөнүн өсүүсүнө бөгөт болууга аркет кылгандар болсун. Муну билип коюшсун бул улут ишеничи менен, ыйманы менен, эрктүүлүгү менен чечим чыгарды. Биз дүйнөдөгү биринчи 10 чоң мамлекеттин бири болобуз»,-деди.
Сойлу терроризмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жүрүп жатканын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.