Өзгөчө кырдаал боюнча ыйгарым укуктар жалгыз гана террор уюмдарына каршы колдонулат
Президент Режеп Таййип Эрдоган, түзүлгөнүнүн 178-жылдыгынан улам Жандармерия башкы командиригинин делегациясын кабыл алды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзгөчө кырдаал боюнча ыйгарым укуктардын жалгыз гана террор уюмдарына каршы колдонулганын айтты.
Түзүлгөнүнүн 178-жылдыгынан улам Жандармерия башкы командиригинин делегациясын кабыл алган президент: «15-июлдагы төңкөрүш аракетинен бери Өзгөчө кырдаал боюнча ыйгарым укуктары бир гана террор уюмдарына каршы ишке ашырылды. Эч бир атуулубуздун өмүрү ушул күнгө дейре өзгөчө кырдаалдан таасирленген жок»,-деди.
Кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолгон жана коопсуздук күчтөрү менен мамлекеттик мекемелердин бул темадагы сезимталдыктарынын мактоого арзырлык болгонун белгилеген президент Эрдоган: «Акыркы мезгилде Катодо, Бестлер Дереси, Жудиде баатырдай жүргүзүлгөн бул күрөш унутулбайт. Сиздер учурда тарых жазып жатасыздар. Бул катоолорго абдан башкача түрдө өтөт»,-деп айтты.
Эрдоган жикчил тероор уюму ПКК менен күрөшүүдө эң маанилүү милдетти жандармерия уюму актарганын айтып: «Операцияларда ийгиликтин улам көбөйүп уланышы абдан маанилүү. Бул операциялардын алып келгени абдан маанилүү. Жандармерия уюмунун негизги чоң эрдиктерин тероор менен күрөшүүдө көрүүдөбүз»,-деди.