Катар кризисинин күчөп кетиши бүтүндөй аймак өлкөлөрүн оор чыгымга учуратат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш,Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

751384
Катар кризисинин күчөп кетиши бүтүндөй аймак өлкөлөрүн оор чыгымга учуратат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Катар кризисинин күчөп кетишинин бүтүндөй аймак өлкөлөрүн оор чыгымга учурата турганын айтты.

Куртулмуш, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

Перс булуңу өлкөлөрү менен Катардын ортосунда болуп жаткан кризиске токтолгон Куртулмуш: «Бул кризистин күчөп кетишинин бүтүндөй аймак өлкөлөрүн оор чыгымга учурата турганын көрүш үчүн көрөгөч болуунун да кереги жок»,-деди.

Секталык кагылышуунун да Жакынкы Чыгышта козутулууга аракет кылынып жатканын белгилеген Куртулмуш, Түркиянын секта темасын кылдаттык менен жана чынчыл ыкма менен чечиши үчүн өз аракетин кылганын, бардык өлкөлөргө да ушундай эле нерсени сунуштаганын маалымдады.

 Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуштун күн тартибинде Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун референдум өткөрүү чечими да бар эле.

Куртулмуш: «Көз карандысыздык үчүн элдик добуш берүү ансыз деле майдаланган аймакта баш аламандыктын дагы да күчөшүнө себепчи болот, мындайча айтканда ыраатсыздыкты арттыруудан башка жыйынтык бербей турганын да билебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар