Берат Албайрак жылдын акырына чейин бургулоо иштеринин башталарын билдирди

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак Барбарос Хайреттин паша кемесинде иликтөө жүргүздү.

749004
Берат Албайрак жылдын акырына чейин бургулоо иштеринин башталарын билдирди

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак Түркиянын жылдын акырына чейин Жер Ортолук деңизинен биринчи бургулоо кудугун каза баштай тургандыгын айтты.

Албайрак Түндүк Кипр Түрк Республикасына жакын сейсмикалык изилдөө жүргүзгөн Түркия нефтилери акционердик өнөктөшү Барбарос Хайреттин Паша кемесинде иликтөө жүргүздү.

Жылдын акырына чейин эң аз эки же үч аймактын сейсмикалык иликтөөлөрдүн аяктай тургандыгын белгилеген Албайрак Түркиянын өз кемелерин алып, Жер Ортолук деңизи менен Кара деңизде бургулоо иштерин башташарын билдирди.

Сейсимкалык иликтөөлөрдүн тышында кудук казуу тууралуу дагы көп инвестиция салынарын айткан Берат Албайрак Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын сууларында да изилдөө жана бургулоо иштеринин активдүү болорун айтты.



Тектеш кабарлар