Чек арабызды бойлой террор мамлекети курулуусуна үн катпай кала албайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Президенттик комплексинде айыл өкмөт башчыларына кайрылды.

744513
Чек арабызды бойлой террор мамлекети курулуусуна үн катпай кала албайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бүгүн ай жылдыздуу байрактын астында эркин түрдө дем алуубуз шейиттер, ардагерлер жана алардын жолунан бараткан баатырлар аркылуу болгонун, аларга карыз болгонубузду айтты.

Президенттик комплексинде айыл өкмөт башчыларына кайрылган Эрдоган, Шырнак жана Лиже шейиттеринин жаткан жерлери жайлуу болушун  тилеп, дүйнө жүзүнө «Террорго карата мамилеңизди карап чыгыңыз» деген маалыматты берди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын сөздөрү көбүнчө батыш өлкөлөрүнө багытталды.

Эрдоган, террорду колдогон өлкөлөрдү сынга алып террорго карата мамилелерин карап чыгууларын талап кылды жана чек арадагы жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын түзүлүшүнө көңүл буруп: «Биздин жерлерибизге кол салуу болсо керектүү жоопту беребиз. Чек араларыбыздын ары жагын коопсуз абалга айландырышыбыз зарыл. Бизден чек араларыбызды бойлой көз алдыбызда террор мамлекети курулуусуна үн катпай калышыбызды күткөндөр, таарынышпасын бизди эч тааный алышпаптыр»,-деди.

Президент Эрдоган, АКШда мусулмандарга болгон кол салууну да эске салды.

«Египетте жалгыз диндеринен улам христиандарга кол салгандар кантип террорист болсо, Америкада да жалгыз диндеринен улам ошол аялдарга кол салган, аларды коргоого аракет кылгандарды да өлтүргөн киши же кишилер да террорист болуп саналат»,-деп айткан президент, батыштык өлкөлөрдүн террористтерге, террордук уюмдарга карата көрсөткөн кош стандарттарын таштабастан тынчтыкка жана коопсуздукка ээ боло албай турганын белгиледи.

Президент Эрдоган, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүленди Түркияга кайтарып берүү талабына шилтеме кылып, Түркиянын террористтер тууралуу талап кылган учурунда «бизде сот көз карандысыз» деп айтып кутулуп кетүүгө аракет кылгандар, ошондой эле талаптар менен бизге кайрылышканда ошондой эле принципти эч качан карашпайт»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ФЕТӨ террор уюмунун да кайгылуу аяктоодон кутула албай турганын баса белгилеп: «Кылмыш менен кармалышса дагы эми соттордо эмне деп жатышат; «Көргөн жокмун, уккан жокмун, айткан жокмун» деп үч маймылды ойногон ФЕТӨ мүчөлөрү өздөрүн күтүп жаткан кайгылуу аяктоодон кутула алышпайт. Силер бул оюнду кимге ойноп жатасыңар?»-деди.



Тектеш кабарлар