Германия Түркияга каалаганын кылдыра албайт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Анкара менен Берлиндин ортосундагы Инжирлик чыңалуусу тууралуу маалымат берди.

742861
Германия Түркияга каалаганын кылдыра албайт

Анкара менен Берлиндин ортосундагы Инжирлик чыңалуусу уланууда...

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Германия менен болгон «Инжирлик кризиси» тууралуу, «Бул шарттарда Инжирликти немис парламентарларга ачышыбыз учурда мүмкүн эмес»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, кечээ мейман болгон Габондун тышкы иштер министри Пакоме Моубелет Буба менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында, «Инжирлик темасында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин «Түркия менен акыркы макулдашууну түзөбүз, андан соң чыгып чыкпай турганыбызга чечим чыгарабыз» деген сереп салуусуна токтолду.

Түркияга каршы эмне бар болсо ошонун баарын Германия колдогонун баса белгилеген Чавушоглу, Германиянын Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) колдоо көрсөтүүсү, жикичил террор уюму ПККнын Германиянын ичиндеги кыймыл аракети, Германиядагы түрк жарандарына каршы жасалган систематикалык кысым көрсөтүү, өзгөчө 16-апрелде болгон Конституциялык өзгөртүү боюнча элдик добуш берүүдө «макул» добушун бергендерге кысым көрсөтүүсүн президент Режеп Таййип Эрдогандын Канцлер Меркелге (25-майда) НАТО Саммитинде айтканын маалымдады.

16-апрелдеги референдумда Германиянын мамилесинин да белгилүү болгонун айткан Чавушоглу: «Эми «биз Инжирликке келүүнү каалайбыз» дешүүдө. Германия муну түшүнүшү керек. «Мен Түркияга каалаганымды кыламын, ошол эле Түркиядан каалаганымды аламын». Мындай нерсе жок. Ал доор өттү. Түркиянын оң жооп алгыңыз келсе, Түркияга душмандай мамиле кылбашыңыз керек. «Мен каалаганымды кыламын, каалаган жамандыкты кыламын, Түркия да менин каалаганымды кылсын». Ал Түркия артта калды»,-деп айтты.

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль менен маселелерди ашып өтүш үчүн дайыма сүйлөшүп турганын айткан Чавушоглу, кесиптешинин дүйшөмбү күнү Түркияга келе турганын белгилеп өттү.

Чавушоглу: «Бул шарттарда биздин Инжирликти немис парламентарларына ачуубуз мүмкүн эмес. Келечекте оң кадам ташташаар, ордун толтуруучу кадам ташташаар муну күтүп көрөбүз. Ал эми Коньяда кыйынчылык жок, Конья НАТОнун базасы. А бирок Инжирлик биздин базабыз. Бул жердеги долбоорлор да бизге таандык. Бизге мындай кеп салышпасын. Коркутушпасын. «Жок башка жерге кетебиз». Бул да туура мамиле эмес. Эгерде болбой эле кетебиз дешсе анда кармабайбыз»,-деди.

Министр Чавушоглу, Кипр маселесинин чечилишине карата сүйлөшүүлөргө сереп салып жатып, Рум башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадистин Женева процессинин уланышы үчүн алдын ала шарт коюшу процессти кулпулаганын айтты.

Чавушоглу, Кипрдын Рум бөлүгүнүн алдын ала шарт койгон мамилесинин кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар