Өлкө тышындагы жаштарга Түркияда жайкы лагерь

Өлкө тышында жашаган жаштар үчүн 29 -  июнь,  20 -  сентябрь күндөрү Түркияда жайкы лагерь уюштурулат.

742377
Өлкө тышындагы жаштарга Түркияда жайкы лагерь

Өлкө тышында жашаган жаштар үчүн 29 -  июнь,  20 -  сентябрь күндөрү Түркияда жайкы лагерь уюштурулат.

Өлкө тышы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы, тышкы иштер министрилиги менен жаштык жана спорт министрлигининин кызматташтыгы менен өлкө тышында жашаган жаштарды Түркияда жоолугуштура турган жайкы лагерлерге  кайрылуу 9 -  июнга чейин улантылат.

Өлкө тышында жашаган түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгынан алынган маалыматка караганда өлкө тышында жашаган 18 – 22 жаш арасындагы түрк жараны же көк карточка ээси жаштар үчүн жаштык жана спорт министрлигинин лагерлеринде атайын орундук бөлдү.

Анталья, Болу, Кыршехир, Трабзон, Токат жана Кастамонудагы комплекстерде  уюштурулган лагерь программасы 29 -  июнь жана 20 -  сентябрь күндөрү кыздар менен эркектер үчүн  ар башка мезгилдерде уюштурулат.

Лагерлерде боло турган жаштардын кала турган жерлери менен тамак – аш муктаждыктары жаштык жана спорт министрлиги тарабынан камсыздалат жана жаштардан эч кандай акы алынбайт.

Жаштардын Түркияга келип кетүү чыгымдары болсо Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы тарабынан өлкөлөргө карата белгиленген турлар менен камсыздалат.

Жаштык лагерлерине катышкандар  жаа атуу, мини гольф, каноэ, рафтинг, тоо велосипеди сыяктуу спорттук иш чараларга, көчө оюндарына, музыка, театр, элдик оюндар сыяктуу иш чараларга, маданий саякаттар жана семинарларга катышуу мүмүкнчүлүгүн табышат.

Өлкө тышында  жашаган жаштардын ата мекени менен байланыштарынын күчтөнүшүн, тарыхый жана маданий мурастарды ордунда көрүү мүмкүнчүлүгүн табышын максат кылган лагерлер 7 күндүк мезгил менен өткөрүлөт. Лагерлерге катышууну каалагандар www.ytb.gov.tr/genclikkamplari/ адресинен кайрыла алышат.

 



Тектеш кабарлар