ЕБ менен сүйлөшүүчү темалар ачылып процесс уланышын каалайбыз

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

741575
ЕБ менен сүйлөшүүчү темалар ачылып процесс уланышын каалайбыз

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Европа Биримдиги менен карым-катнаштарда Түркиянын сүйлөшүүчү темалар ачылып сүйлөшүү процессинин уланышын каалаганын айтты.

Куртулмуш, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийинки маалымат жыйынында, «Президентибиз өткөн апта жасаган Брюссель сапарында бул тема дагы бир жолу баса белгиленди. Максат толук мүчөлүктүн алкагында карым-катнаштарды өнүктүрүү. ЕБне толук мүчөлүк перспективабыздан баш тарткан жокпуз. Чыңалуулардын басаңдатылышы үчүн сүйлөшүлүүчү темалардын ачылышы абдан маанилүү»,-деп айтты.

Террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү темасында НАТО жана башка өлкөлөр багытында бир операция планы сүйлөшүлгөнүн, бирок Түркиянын бул темадагы алдыңкы пландарынын белгилүү экенин аткан Куртулмуш: «Түркия, аймак ДЕАШтан тазаланып жатканда башка террордук уюмдардын колдонулушуна каршы. Бир террордук уюмду башка бир террордук уюм менен жок кыла албайсынар»,-деди.



Тектеш кабарлар