Эрдоган Брюсселде

Түрк желектерин жана Эрдогандын портретин көтөргөн түрктөр президентти колдогон ураан чакырып жатышты.

738968
Эрдоган Брюсселде

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде.

Эрдоган, «НАТОнун Мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйналышына» катышуу үчүн барган Брюсселде түрктөрдүн тыкыс алакасына учурады.

Бельгияда жашаган түрктөр, президент Режеп Таййип Эрдогандын бара турган мейманканасынын алдында аны тосуп алуу үчүн топтолушту.

Мейманкананын алдында күткөн түрктөр коопсуздук себеби менен мейманканага жакын жердеги «Стефани» аянтына өтүштү.

Түрк желектерин жана Эрдогандын портретин көтөргөн түрктөр президентти колдогон ураан чакырып жатышты.

Мейманкага келген президент Эрдоган, өзүн күтүп турган басма сөз органдарынын мүчөлөрүнө салам берди.

Президент Эрдоган, Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында эң оболу Европалык Түрк демократтар биримдигинин делегациясын кабыл алды.



Тектеш кабарлар