Османиеде бир аскер шейит болду

Аймакта террористтерге карата операциялар баштатылды.

736693
Османиеде бир аскер шейит болду

Османиеде Аманос тоолорунда коопсуздук күчтөрү менен ПКК жикчил террордук уюмдун арасында чыккан кагылышууда бир адис сержант каза тапты.

Османие губернаторлугунан берилген маалыматта Аманос тоолорунун Айсекиси аймагына кол салган террористер менен кагылышуу чыккандыгы билдирилди. Кагылышууда бир адис сержант жараланды.

Османие мамлекеттик ооруканасына жаткырылган адис сержант бардык кийлигишүүгө карабастан шейит болду.  Аймакта террористтерге карата операциялар баштатылды.



Тектеш кабарлар