Йылдырым-Медведев жолугушуусу

Орусиянын премьер-министри Медведев Стамбулда

736781
Йылдырым-Медведев жолугушуусу

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 25 жылдыгына карата өтүп жаткан саммит үчүн Стамбулга келген Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Медведев менен Йылдырым камералардын алдында кол кармашкандан кийин сүйлөшүүлөрүн жабык эшик артында улантышты.

Эки министр андан соң Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода чектөөлөрүнүн жоюлуусу үчүн даярдалган декларацияга кол коюу аземине катышышты. Ага премьер-министрдин орун басары Мехмет Шимшек менен КЭКУнун саммити үчүн Стамбулга келген орус кесиптеши Аркадий Дворкович кол коюшту.

Соода-сатыктагы чектөөлөрдүн эки тараптуу түрдө жоюлуусуна карата саясий чечим, президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 3-майда Сочиде өткөргөн жолугушуусунда чыгарылган болчу.



Тектеш кабарлар