Алдыбыздагы айлар ар тараптан өнүгүүгө карай секирик мезгили болот

АК Партиянын кезектеги 3-Чоң Курултайында жетекчи болуп шайланган президент Эрдоган маанилүү маалыматтарды берди.

736558
Алдыбыздагы айлар ар тараптан өнүгүүгө карай секирик мезгили болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, куруучусу болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчилигине 998 күндөн кийин кайрадан шайланды.

АК Партиянын кезексиз  3-Чоң Курултайы кечээ борбор шаар Анкарада өттү.

Курултайда 1370 делегаттын кол тамгасы менен жалгыз талапкер көрсөтүлгөн президент Эрдоган, кайрадан партиясынын жетекчиси болду.

Партиянын уставы өзгөртүлгөн курултайда, «жетекчинин милдетин аткаруучулук» макамы да кабыл алынды.

Ушундайча премьер-министр Бинали Йылдырым, «Жетекчи милдетин аткаруучу» болот.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, жетекчи катары акыркы жолу сөз сүйлөөсүндө жетекчилик милдетин президент Эрдоганга өткөрүп бергендиги үчүн сыймыктанганын айтты.

Йылдырым, АК Партияда Эрдогансыз өткөн күндөрдө анын руханий баалуулугу ар дайым сезилип турганын белгилеп кетти.

Түркиянын абдан чоң алааматтардан ашып өткөнүнө токтолгон Йылдырым, АК Партиянын жана Түркиянын булардан күч алып чыкканын белгиледи.

Террор менен күрөшүүнүн акырына дейре улана турганын айткан өкмөт башчы, өлкөнүн күн тартибинен террордун чыгарыла турганына токтолду.

Америка бийлигинин террордук топтордун арасындагы мамилесин да сынга алган Йылдырым, ДЕАШтын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен жок кылынбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Эрдоган да өз сөзүндө, ФЕТӨ, ПКК, ДЕАШ сыяктуу террор уюмдары менен күрөшүүнүн Түркиянын келечек жана тынчтык маселеси болгонун айтты.

Өзгөчө кырдаал тууралуу да маалымат берген президент Эрдоган: «Франция дээрлик 1-1,5 жыл өзгөчө кырдаал жарыялады. Менин өлкөмдө мамлекет кулатылууга аракет кылынды. Сиз бизге кайсы бетиңиз менен өзгөчө кырдаалдын жоюлушун сурайсыз. Абал тынчтыкка, эркиндикке жеткенге чейин өзгөчө кырдаал жоюлбайт»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүсү тууралуу да, «ЕБнин биздин намысыбызды тебелеген жерге жеткен эки жүздүү мамилесине дагы көп чыдап турууга мажбур эмеспиз. Биздин тандообуз жолубузду бардык нерсеге карабастан ЕБ менен улантуу болуп саналат. Ал эми акыркы бир айдагы сапарларыбыз Түркиянын алдында абдан чоң дүйнөнүн жолу ачык экенин көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Жылдын акырына дейре партиянын уюмдашуусунда олуттуу жаңылануу жасай тургандарын жарыялаган Эрдоган, алдыбыздагы айлар Түркиянын террор менен күрөшүүдөн тартып экономикага чейин, укук жана эркиндиктердин кеңейтилишинен тартып инвестицияларга чейин бардык тармакта кудум эле секирик мезгили боло турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар