АК Партияда Эрдогандын экинчи мезгили башталды

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) кезектеги  3-Чоң Курултайы бүгүн борбор шаар Анкарада өттү.

736298
АК Партияда Эрдогандын экинчи мезгили башталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, куруучусу болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчилигине кайрадан келди...

АК Партиянын кезексиз  3-Чоң Курултайы бүгүн борбор шаар Анкарада өттү.

Курултайда 1370 делегаттын кол тамгасы менен жалгыз талапкер көрсөтүлгөн президент Эрдоган, 998 күндөн кийин кайрадан куруучусу болгон партиянын жетекчилигине өттү.

Партиянын уставы өзгөртүлгөн курултайда, «жетекчинин милдетин аткаруучулук» макамы да кабыл алынды.

Рабия белгиси менен айтылган «бир улут, бир мекен, бир мамлекет жана бир байрак» түшүнүгү да  ошол эле АК Партиянын уставында орун алды.

Ушундайча премьер-министр Бинали Йылдырым, «Жетекчи милдетин аткаруучу» болот.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, жетекчи катары акыркы жолу сөз сүйлөөсүндө Жетекчилик милдетин президент Эрдоганга өткөрүп бергендиги үчүн сыймыктанганын айтты.

Йылдырым, АК Партияда Эрдогансыз өткөн 998 күн бою анын руханий баалуулугу ар дайым сезилип турганын белгилеп кетти.

Түркиянын абдан чоң алааматтардан ашып өткөнүнө токтолгон Йылдырым, АК Партиянын жана Түркиянын булардан күч алып чыкканын белгиледи.

Террор менен күрөшүүнүн акырына дейре улана турганын айткан өкмөт башчы, өлкөнүн күн тартибинен террордун чыгарыла турганына токтолду.

Террордун террорист менен жок кылына албай турганын баса белгилеген Йылдырым: «Ар ким муну билип койсун; ФЕТӨ, жикчил террор уюму ПКК, ДЕАШ жана бардык террор уюмдары менен күрөшүү биздин эгемендик жана келечегибиздин маселеси. Ал эми күрөш жүргүзүп жатканда кечиримдүүлүк эмес адилеттик менен мамилебизди улантабыз»,-деп айтты.

Йылдырымдан кийин трибунага чыккан президент Эрдоган да,  орто эсеп менен 3 жыл мурда ушул залда «ар бир аяктоо жаңы башталгыч» деп айтып жетекчиликтен кеткенин эске салып: «Бул болгону укуктук ажырашуу эле. Биздин көңүлдөрүбүз эч качан ажырашкан жок»,-деди.

998 күндөн кийин кайра ушул залда «кайда токтодук эле» деп кайрадан чогулгандарын белгилеген Эрдоган, бүгүн дагы чоң максаттар үчүн жаңы башталгычты жасагандарын айтты.

Террор менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган, Түркиянын 15-июлда төңкөрүш аракетин кылган Феттулахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) башка бир чыккынчылык киришүүсүнө чыдамы жок экенин маалымдады.

ФЕТӨдөн ПККга, ДЕАШка дейре эч бириси менен маселеси жеке өзүнүн маселеси эместигин белгилеген президент: «Маселе өлкөбүздүн келечеги, тынчтыгы маселеси»,-деди.

Президент Эрдоган, Өзгөчө кырдаалдын качан жоюла турганы тууралуу да: «Франция дээрлик 1-1,5 жыл өзгөчө кырдаал жарыялады. Менин өлкөмдө мамлекет кулатылууга аракет кылынды. Сиз бизге кайсы бетиңиз менен өзгөчө кырдаалдын жоюлушун сурайсыз. Абал тынчтыкка, эркиндикке жеткенге чейин өзгөчө кырдаал жоюлбайт»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүсү тууралуу да, «ЕБнин биздин намысыбызды тебелеген жерге жеткен эки жүздүү мамилесине дагы көп чыдап турууга мажбур эмеспиз. Биздин тандообуз жолубузду бардык нерсеге карабастан ЕБ менен улантуу болуп саналат. Ал эми акыркы бир айдагы сапарларыбыз Түркиянын алдында абдан чоң дүйнөнүн жолу ачык экенин көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Эрдоган, жылдын акырына дейре партиянын уюмдашуусунда олуттуу жаңылануу жасай тургандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар