Түркияда жаштардын саны
Түркиянын статистикалык мекемеси 2016-жылдын көрсөткүчтөрүн жарыялады
Түркияда жаштардын саны жалпы калктын 16,3 пайызын түзүүдө.
Түркиянын статистикалык мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда өткөн жылдан тарта Түркиянын калкынын (б.а 80 миллиондун) 16,3 пайызын 15-24 курактарындагы жаштар түздү.
Түркиянын жалпысындагы жаштардын саны 12 миллион 989 миң 42 кишиге жетсе, мунун 51,2 пайызы жаш эрекек, ал эми 48,8 пайызы болсо жаш кыздардан турат.
Жаштардын санынын көптүгү боюнча 25,5 пайыз менен Хаккари биринчи болду. Андан кийин 23,9 пайыз менен Шырнак жана 23,1 пайыз менен Сиирт орун алды. Жаштардын саны эң аз болгон областтар болсо 13,2 пайыз менен Мугла, 13,5 пайыз менен Балыкесир, 13,7 пайыз менен Синоп болду.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.