Эрдоган Кытайда

Эрдоган «Бир алкак-бир жол» форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

731837
Эрдоган Кытайда

Президент Режеп Тайип Эрдоган "Жаңы Жибек жолунун" террорду жер менен жексен кыла турчу долбоор экенин айтты.

Президент Эрдоган Пекиндеги Кытай улуттук конгресс борборунда өткөрүлгөн «Бир алкак-бир жол» форумунун ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүн: «Жаңы Жибек жолу деп да аталган бул долбоордун Азияны, Европаны, Африканы жана ал эмес Түштүк Американы бири-бирине байланыштыруу максаты менен келечекке жарык чачаарына ишенемин»,- деп баштады.

Президент Эрдоган бул долбоордун багытындагы өлкөлөрдүн инфраструктура пландарынын жана техникалык стандарттарынын жогорулатылышына, материктер аралык жаатта өзгөчө кургактык, деңиз жана аба жолу коридорлорунун өнүктүрүлүшүнө салым кошоорун белгиледи.

Долбоордун ийгилигинин, ал өлкөлөрдүн сооданы жеңилдетүүлөрүнө, бажы тармагында кызматташуу түзүүлөрүнө, тоскоолдуктарды жоюуларына жана инвестицияларды шыктандырууларына байланыштуу экенин баса белгилеген Эрдоган, Жибек Жолу фонду аркылуу долбоордун багытындагы өлкөлөрдүн улуттук фонддору күчүнө киргизилип, долбоордун финансылык интеграциясын тереңдете турганын айтты.

Эрдоган өкмөттөр аралык кызматташуунун шыктандырылышынын болсо саясий тармакта күчтүү тилектештиктин камсыздалышына шарт түзөөрүн билдирди.

Ошондой эле туризм, илим, технология жана медиа тармактарында ар тараптуу маданий кызматташтыктын бекемделүүсүнө, студент жана кызматкер алмашуу программасынын жайылтылышы максатына кызмат көрсөтөөрүн баса белгилеген Эрдоган: «Дүйнөдөгү 60тан ашуун өлкөнү камтыган Жибек Жолу долбоору орто эсеп менен 40 миллион чарчы километрдик аянтта жана дүйнөлүк калктын 4,5 миллиардына кызмат кыла турган өтө маанилүү долбоор болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар