Түркияга баш калкалаган сириялктар өлкөлөрүнө кайтууну улантышууда

Күнүмдүк 200 кишилик сириялык топ коопсуздук текшерүүсүнөн кийин Жараблуска өтүүдө.

730361
Түркияга баш калкалаган сириялктар өлкөлөрүнө кайтууну улантышууда

Сирияда алты жыл мурда башталган жарандык согуштан качып Түркияга келген  качкындар Евфрат калканы кыймылынын негизинде террордук уюм ДЕАШтан тазаланган аймактарга кайтууну улантууда.

Газиантеп губернаторлугу тарабынан Каркамыш районунда катталган сириялыктар миграция башкаруусунун облустук директорлугунун топтору тарабынан өлкөлөрүнө кайтышууда.

Жандарына алган боюмдары жана чемодандары менен Каркамыш бажы капкасына барган, аялдар менен балдар да болгон күнүмдүк 200 кишилик сириялык топ коопсуздук текшерүүсүнөн кийин Жараблуска өтүүдө.

Эркин Сирия Армиясынын аскерлери бажы капкасында тосуп алган сириялыктардын буюмдары унааларга жүктөлүп үйлөрүнө жеткирилүүдө.

24 -  августта башталган Евфрат калканы кыймылынын биринчи күнүнөн бери Түркиядан Жараблуска кайткан сириялыктардын саны 38 миңге жетти.

 



Тектеш кабарлар