Референдумдун расмий жыйынтыгы жарыяланды

ЖШК конституциялык өзгөртүү үчүн 16-апрелде өткөрүлгөн элдик добуш берүүнүн так жыйынтыктарын жарыялады.

721958
Референдумдун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Жогорку шайлоо кеңеши (ЖШК) конституциялык өзгөртүү үчүн 16-апрелде өткөрүлгөн элдик добуш берүүнүн так жыйынтыктарын жарыялады.

Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гүвен, элдик добуш берүүдө «макул» добушун бергендер 51,41 пайыз, «каршы» добушун бергендер 48,59 пайыз болгонун жарыялады.

Так жыйынтыктарга караганда өлкө ичиндеги элдик добуш берүүдө 55 миллион 319 миң 222 катталган шайлоочудан 48 миллион 374 миң 576 киши добуш берди.

Добуштардын 47 миллион 528 миң 949у жарактуу, 845 миң 627си жараксыз деп табылды. Шайлоого катышуу катнашы 87,45 пайыз болду.

Чет өлкөдө болсо 2 миллион 972 миң 676 катталган шайлоочудан 1 миллион 325 миң 682си добуш беришти. Добуштардын 1 миллион 309 миң 821и жарактуу, 15 миң 861и жараксыз деп табылды. Шайлоого катышуу катнашы 44,60 пайыз болду.

Бажыкана каалгаларында 98 миң 597 шайлоочу добуш берди. Добуштардын 97 миң 834ү жарактуу, 763ү жараксыз деп табылды. Катышуу катнашы 3,32 пайыз болду.

Жогорку шайлоо кеңеши, Республикачыл элдик партия арасында болгон 3 партиянын мөөрсүз добуш берилгени себеби менен, «Толук мыйзамсыздык себеби менен элдик добуш берүүнүн толугу жоюлушу» боюнча талабын да четке какты.

Себептүү чечимде, «Берилген добуштар үкөк комиссиясынын катасынын себебинен жокко чыгарыла албайт»,делди.

Жогорку шайлоо кеңеши элдик добуш берүү тууралуу так жыйынтыктарды камтыган токтомду Расмий гезитте да жарыялады.



Тектеш кабарлар