Карадеңизде эки кеме кагышты

Бирөөсү Орусиянын согуштук кемеси

721692
Карадеңизде эки кеме кагышты

Карадеңизде Стамбул кысыгынын жээгинде Орусиянын «Йамал» аттуу согуштук кемеси, TOGO желектүү жаныбарларды ташыган башка кеме менен сүзүштү.

Орус аскердик кемесинен 78 киши куткарылды, дайынсыз 15 орус аскери изделип жатат.

Сүзүшүүдөн кийин согуштук кеме сууга чөгүп кетти.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кагышуудан кийин кемеде тешик пайда болгону белгиленди.

Жээк коопсуздугун сактоочу топтор аймакка жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар