Йылдырым Барзани менен сүйлөшүү өткөрдү

Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай сүйлөшүү мурдагы күнү кечинде болгон.

721225
Йылдырым Барзани менен сүйлөшүү өткөрдү

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Ирактын Күрт Аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай сүйлөшүү мурдагы күнү кечинде болгон.

Йылдырым, анда Барзаниге Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Синжар тоосу менен Сириянын түндүк чыгышындагы Карачок тоосундагы жикчил террор уюму ПККга карай абадан операцияларда каза болгон 5 пешмерге үчүн капа болгонун билдирип кайрат айтты.

Йылдырым, Ирактын Күрт Аймактык башкаруусу менен террор менен күрөшүүгө карай кызматташуусунун алдыдагы мезгилде да улана турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар