Чехия өзүнө өзү карама-каршы келүүдө
Түркия, «1915-жылдагы окуялар» туурасында Чех Республикасынын Өкүлдөр палатасында 25-апрелде кабыл алынган «геноцид» чечимин «катуу айыптады».
Түркия, «1915-жылдагы окуялар» туурасында Чех Республикасынын Өкүлдөр палатасында 25-апрелде кабыл алынган «геноцид» чечимин «катуу айыптады» жана четке какты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Чехиянын президенти Милос Земандын «1915-жылдагы окуялар» туурасында өлкөсүндөгү армян жамаатына кайрылган жана маанилүү жаңылыштыктарды камтыган катынын капа болуу менен угулганы белгиленди.
Жарыяда: «Президент Земан, катында бир тараптан тарыхка саясатчылар тарабынан сереп салынбашы керектигин, саясатчылардын тарыхый окуяларды саясий кызыкчылыктары багытында колдонгондору белгиленип, өткөндүн эң оболу тарыхчылар тарабынан изилдениши жана сереп салынышы керектиги баса белгиленсе, экинчи тараптан өз сөздөрүнө карама-каршы келип 1915-жылдагы окуялар туурасында саясий сереп салып жатат»,делди.
Анда, «тарыхый чындыктарга жана укуктук принциптерге ачык эле терс түшкөн аты аталган саясий долбоорлорго каршы чыгуунун» Чехиянын Анкарадагы Элчисине билдрилгени орун алды.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.