Эрдоганга каршы айтылгандардын нормага айланышына эч качан уруксат берилбейт

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, маалымат жыйынында күн тартип тууралуу маалымат берди.

719519
Эрдоганга каршы айтылгандардын нормага айланышына эч качан уруксат берилбейт

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Европадагы президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркияга каршы айтылган сөздөрдүн нормага айланышына жана катардагы эле бир айтымдарга айланышына эч качан уруксат берилбей турганын айтты.

Калын, маалымат жыйынында күн тартип тууралуу маалымат берди.

Француз политологунун президент Эрдоганга кол салууга үгүттөөчү сөздөрү туурасындагы суроого жооп иретинде Калын: «Ушундай түрдөгү айтымдардын нормага айланышына жана катардагы эле бир айтымдарга айланышына эч качан уруксат бербейбиз. Анткени бул башка нерселердин платформасын даярдоо аракети болуп саналат. Булар саясий анализ, сереп салуу эмес, башка бир пландын бөлүкчөсү катары күн тартипке чыгарылган темалар болуп саналат. Биз демократиянын атынан, улуттук эрктин атынан, ахлак жана абийирдин атынан бул фашисттик мамилелердин нормалдуу жана мыйзамдуу көрүнбөөсү үчүн колубуздан келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз жана мындай түрдөгү айтымдарга толеранттуулук кыла албайбыз»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, президент Эрдогандын 1915-жылдагы окуялардын 102 жылдыгы боюнча Армян патриархиясына маалымат жөнөткөнүн да белгилеп: «Урматтуу патриарх Арам Атешян тарабынан да бул билдирүү чиркөөдө өткөн сыйынууда армян атуулдарыбыз менен бөлүшүлдү. Биз, 1915-жылдагы окуялар катары билинген жагдайларга ар дайым «Орток кайгы жана адилеттүү эс тутум» перспективасынан караганыбызды айттык. Ошондой эле ушул алкакта урматтуу Президентибиздин жарыялаган билдирүүсүнөн бир сүйлөмдү сиздер менен бөлүшкүм келет; Аймактын эки байыркы коомчулугу катары түрктөр менен армяндар миң жылдан бери жанаша жашаган бул аймакта, орток тарыхты жана маданиятты бөлүштү. Армян коомчулугу керек болсо Осмон империясы керек болсо Республикабыздын жүз жылга жакындаган өтмүшүндө абдан баалуу уул-кыздарды жетилтип өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салымдарды кошту. Кечээ болгонундай эле бүгүн да армяндар, өлкөбүздүн тең укуктуу жана эркин атуулдары катары социалдык, саясий жана соодалык турмушубуздун бардык тармагында маанилүү ролдорду милдеттеншти»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар