Грецияга качып кеткен козголоңчулар кайрадан сот алдына чыгышат

Козголоңчулар ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин аскердик тик учар менен Грецияга качып кетишкен жана башпаанек сурашкан

716911
Грецияга качып кеткен козголоңчулар кайрадан сот алдына чыгышат

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качып кеткен козголоңчулар кайрадан сот алдына чыгышат.

Грециянын расмий маалымат агенттиги ANA-MPA, Түркиянын жаңы тапшыруу талабы боюнча 8 төңкөрүшчүдөн 3нүн 25-апрелде борбор шаар Афинада апелляциялык сотко чыгарыла турганын билдирди.

Берки 5 козголоңчу үчүн сот кайсы күнү өтөөрү азырынча белгилене элек.

Аты аталган козголоңчулар ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин аскердик тик учар менен Грецияга качып кетишкен жана башпаанек сурашкан.

Грециянын Жогорку соту январь айында ушул төңкөрүшчүлөргө карай Түркиянын тапшыруу талабын четке кагып, бул боюнча Түркия эки жаңы күнөөлөө менен алардын тапшырылышын кайрадан талап кылган болчу.

Грек органдары башпаанек кайрылуулары жыйынтыкталганга чейин козголоңчулардын камакта болуусуна чечим чыгарган.



Тектеш кабарлар