Түркияда батыштын эч бир өлкөсүндө болбогон демократиялуу шайлоо өттү

Эрдоган, Европа Коопсуздук ана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) элдик добуш берүү тууралуу отчетуна катуу каршылык көрсөттү.

715049
Түркияда батыштын эч бир өлкөсүндө болбогон демократиялуу шайлоо өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда 16-апрелдеги конституциялык өзгөртүү боюнча элдик добуш берүүдө батыштын эч бир өлкөсүндө болбогон, эң демократиялуу шайлоонун өткөнүн айтты.

Эрдоган, Европа Коопсуздук ана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) элдик добуш берүү тууралуу отчетуна катуу каршылык көрсөттү.

Бештепедеги Президенттик комплексинде элге кайрылган Эрдоган, ЕККУ өзүнүн ченемин билиши керектигин айтты.

ЕККУнун саясий мазмундуу отчетторун жок деп эсептегендерин баса белгилеген Эрдоган: «Бул өлкө, батыштын эч бир өлкөсүндө болбогон эң демократиялуу шайлоосун өткөрдү. Айрым Европа өлкөлөрү Түркиянын министрлерин Европага киргизбей жатканда уялбастан,тажабастан бул шайлоолого көлөкө түшүрүүгө аракет кылышканда,бекер чабалактап жатасыңар, жыйынтык ала албайсынар дегенбиз»,-деп айтты.

Президент 25 миллион 200 миңдей атуулдун тандоосу менен консттитуциялык өзгөрүүнүн кабыл алынганын жана талаштардын аяктаганын белгилеп, «Тарыхтын эң чоң добуш саны менен кабыл алынган конституцялык өзгөртүү менен келген жаңылануулар эми бүтүндөй улутубузга кызмат кылат. Мындан кийин багытыбызды бардыгыбыз чогуу келечекке буруунун убагы келди»,-деп айтты.

Айрым Европа мамлекеттеринин Түркиядагы реформага катуу каршы чыкканын айткан Эрдоган, өздөрү сыяктуу ойлонбогон түрк жарандарына карай аттарын чаап, иттерин агыткан мамлекеттер болгонун эске салды.

Эрдоган, учурда ошол эле чөйрөлөрдүн Түркияны Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн токтоткону менен коркутканына көңүл буруп: «Бул биз үчүн өтө да маанилүү эмес. ЕБи бул чечимди чыгарса жетиштүү болот. Керек болсо дагы бир элдик добуш берүүнү Түркиянын ЕБне мүчөлүгү үчүн өткөрөбүз. Чечимди чыгара турган улут болуп саналат»,-деди.

ЕБнин Түркияга карата эки жүздүү мамиле кылганын эске салган Эрдорган: «Же Түркияга берген убадаларын дароо актарышат же болбосо жыйынтыктарына кайыл болушат. Бул иш андай террор уюмдарын тымызын куралдар, акчалар менен колдоп аларды өлкөбүзгө багыттоо менен болбойт»,-деди.



Тектеш кабарлар