Президент Эрдоганга куттуктоолор келип жатат

Эрдоганга бир топ өлкөнүн лидерлеринен элдик добуш берүүдө ээ болгон ийгилигинен улам куттуктоолор келип жатат.

715450
Президент Эрдоганга куттуктоолор келип жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоганга бир топ өлкөнүн лидерлеринен элдик добуш берүүдө ээ болгон ийгилигинен улам куттуктоолор келип жатат.

Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз Аль Сауд, президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышып референдумдагы ийгилигинен улам куттуктады.

Салман конституциялык өзгөртүүнүн бардык түрк калкына пайдалуу болушун тиледи.

Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын президент Эрдоганга жиберген жазуу түрүндөгү билдирүүлөрү менен куттукташты.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф болсо президент Эрдоганга телефон акрылуу байланышып куттуктады.

Лидерлер, 16-апрелдеги элдик добуш берүүдөгү ийгилигинен улам Эрдоганды куттуктап, улуттун колдоосун алган консттитуциялык өзгөртүүнүн Түркия үчүн пайдалуу болушун тилегендерин белгилешти.

Айрыкча Сириянын оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясынын төрагасы Энес Эл Абде да президент Эрдоганга куттуктоо телеграфын жөнөттү.



Тектеш кабарлар