ЕБ 16-апрелден кийин күтүлбөгөн көп нерселерге туш болушу мүмкүн

Эрдоган Стамбулда Саламаттык сактоо илимдери университетинде өткөрүлгөн эки жеке менчик телеканалдын биргелешкен берүүсү болгон «Жаштар менен чоң жолугушуу» программасында университеттин окуучуларынын суроолоруна жооп берди.

710873
ЕБ 16-апрелден кийин күтүлбөгөн көп нерселерге туш болушу мүмкүн

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германиянын террористтерди баш калкалатканын жана нацизмди күүлөгөнүн айтып: «16-апрелден кийин күтүлбөгөн көп нерселерге туш болушу мүмкүн»,-деди.

Эрдоган Стамбулда Саламаттык сактоо илимдери университетинде өткөрүлгөн эки жеке менчик телеканалдын биргелешкен берүүсү болгон «Жаштар менен чоң жолугушуу» программасында университеттин окуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Эрдоган Нидерландия жана Германиянын бул өлкөлөрдө жашаган түрктөр менен жолугушууну каалаган түрк министрлерге жикчил жана нацизм ишке ашыруулары менен мамиле кылгандарын жана бул окуялардын жөнөкөй окуялар болбогонун, Германиянын бул мамилеси менен ал жерде жашаган 3 миллион түрк жаранын сыйлабастык кылганын баса белгиледи.

Германиянын миңдеген террористке уя болгонун баса белгилеген Эрдоган, бул террорситтер тууралуу 4500дөн ашуун дело Германияга берилсе дагы Германиянын террористтерге карай эч кандай кадам таштабаганын айтты.

Эрдоган айрыкча немистердин Стамбулдагы резиденциясында бир тыңчы террористти бир ай бою жашырганын, акырында бул террористтин кармалганын белгиледи.

Европа Биримдигинин Түркияга каршы кош стандарт ишке ашырганын белгилеген Эрдоган, 16-апрелдеги конституциялык өзгөртүү референдумунан кийин ЕБ менен олтуруп абалды талкуулай тургандарын айтты.

Эрдоган: «Алар 16-апрелден кийин күтүлбөгөн көп нерселерге туш болушу мүмкүн»,-деди.

Алып келине турган жаңы өкмөт системасы менен жеке бир адамдын башкаруусу мезгилине өтүлө турганы жөнүндөгү сындоолорго жооп берген Эрдоган, жаңы системада мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот темаларында бийлик бутактары ажыратыла турганын, аткаруунун болсо бир жерге чогула турганын айтты.

Учурдагы өкмөт системасында кош баштуулук бар экенин өтмүштөгү мисалдар менен түшүндүргөн Эрдоган, жаңы системада болсо президент жана премьер-министр дилеммасынын жоюла турганын, аткарууда иштердин дагы ылдам жана сериялуу түрдө жүргүзүлө турганын айтты.



Тектеш кабарлар