Чет өлкөдөгү добуштар Түркияга алынып келе жатат

Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процесси аяктады

709966
Чет өлкөдөгү добуштар Түркияга алынып келе жатат

Түркияда 16-апрелде өтө турган конституциялык референдум үчүн чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү иштери аяктады.

57 өлкөдөгү 120 өкүлчүлүктө 1 миллион 400 миң жаран өз добушун берип, бул сан рекорддук деңгээлге жетти.

2015-жылдын 1-ноябрындагы шайлоого катышуу көрсөткүчү 41 пайыз болсо бул элдик добуш берүүдө 47 пайызга жетти.

Добуштардын Түркияга алып келиниши үчүн Жогорку шайлоо кеңеши жана саясий партиянын өкүлдөрүнөн турган комиссия жолго чыкты.

Бажы бекеттеринде болсо добуш берүү процесси 16-апрель күнү саат 17ге чейин уланат.



Тектеш кабарлар