Невшехирде ысык аба шары кырсыкка учурады

Кырсыкта бир турист каза болду

709183
Невшехирде ысык аба шары кырсыкка учурады

Невшехирдин Үргүп районунда туристтерди ташыган ысык аба шарынын кырсыкка учурашы менен  бир турист каза болуп, жети киши да жараланды. Кападокия аймагында туристтерди ташыган ысык аба шары эрте менен Гөреме аймагынан учкан.

Шарлардын бирөөсү Ортахисар аймагына жакын жерге конууга жакындаган учурда электр түркүгү менен кагылышып кырсыкка учурады.

Траснпорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлиги кырсыкта француз бир туристтин каза болгондугу, төртөөсү түрк, үчөөсү чет элдик болгон жети кишинин да жаралангандыгын билдирди. Министирликтен алынган маалыматта шарда учкуч менен бирге алтоосу чет элдик жыйырма жүргүнчүнүн бар экендиги белгиленип, башка жүргүнчүлөрдүн да текшерүү үчүн ооруканага алып барылгандыгы жана саламматтыгынын жакшы экендиги белгиленди. Адистер кырсык тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн аймакка жиберилди.



Тектеш кабарлар