Эрдоган жаштарга кайрылды

Эрдоган «facetime» аркылуу жаштарга кайрылды.

706675
Эрдоган жаштарга кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган 16-апрелдеги элдик добуш берүү менен келе турган системада жаштарга да парламентте орун бере тургандарын айтты.

Эрдоган «facetime» аркылуу жаштарга кайрылды.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, Стамбулдагы Халич конгресс борборунда жаштар менен жолукту.

Программанын жүрүшүндө Албайрак жаштардын тыкыс талабы боюнча президент Эрдоганга «facetime» программасы аркылуу видеолуу байланыш курду.

Залдагыларга кайрылган жана сөздөрү улам-улам кол чабуулар менен үзүлүп турган Эрдоган, жаштар менен эң жок дегенде телефон аркылуу сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапканы үчүн бактылуу болгонун айтты.

Эрдоган 16-апрелде боло турган конституциялык өзгөртүү элдик добуш берүүсүндө эл бекиткен учурунда уткан жаштар боло турганын баса белгиледи.

Эрдоган: «Тарых бою биздин жаштыгыбызды тынымсыз кийинкиге калтырып келди жана четке каккандарга каршы 16-апрель абдан олуттуу жооп болот деп ишенем. 18-19-20-21 жаш курагында миңдеген жөндөмдүү жаштарыбыз бар. Сиздер парламентте жаштар тарабынан эмнелер жасала ала турганын ортого саласыздар»,-деди.



Тектеш кабарлар