Президент Р. Т. Эрдоган Ирак Аймактык Күрт Башкаруусун эскертти

Эрдоган Ирак Аймактык Күрт Башкаруусун жолунан кайтуусу керектигин айтты

705730
Президент Р. Т. Эрдоган Ирак Аймактык Күрт Башкаруусун эскертти

Президент Р. Т. Эрдоган Ирактын Керкүк шаарында экинчи бир байрактын (Ирак  Аймактык Күрт Башкаруусу) илинишинин жаңылыш болорун айтты. Президент Эрдоган Зонгулдакта топ түрүндөгү ачылуу аземдеринде сүйлөгөн сөзүндө : «Ал жердеги байрактын ээлери муну билиши керек. Бөлүүчүлүк кылып жатышат. Мен Ирак Аймактык Күрт Башкаруусуна үн салам, бул жаңылыштыктан эртерээк кайткыла»,- деди.

Ирак борбордук башкаруусунун да кабыл албай тургандыгын билдиргендигин эске салган Эрдоган : «Биз да  эскертүү берип жатабыз. Себеби Керкүк күрттөрдүкү дегенди Түркия катары кабыл албайбыз. Керкүк түркмөн, араб, күрттөр баарыныкы. Биздики десеңер  Түркия менен мамилелер бузулат. Ал байрактарды дароо түшүрүп, Ирак улуттук байрагы менен жолду уланткыла. Болбосо келген жериңерден артка кадам таштоого мажбур болосуңар»,- деди.



Тектеш кабарлар