Измирде 55 чет элдик кармалды
Айдоочу автобусту токтотуп качып, облустук жандармерия командирлигинин топтору шектүү автобуста изилдөө жүргүздү
Измирдин Дикили районунда мыйзам тышы жолдор менен өлкө тышына чыгууга аракет кылган 55 чет элдик кармалды.
Номери белгиленбеген бир автобус Бадемли текшерүү жерине жакын аймакта токтоду. Айдоочу автобусту токтотуп качып, облустук жандармерия командирлигинин топтору шектүү автобуста изилдөө жүргүздү. Автобуста мыйзамсыз жолдор менен грек аралдарына барууга даярдангандыгы белгиленген 42 Конго, 5 Гвинея, 5 Мали, 3 Африка, бирден Того жана Камерун тектүү кишилердин бар экендиги аныкталды. Автобустун багажынан 32 куткаруучу жилет табылды. Чет элдиктер жандармериядан кийин Облустук миграция башкаруусу директорлугуна тапшырылды. Бир тараптан качкан автобустун айдоочусун кармоо иштери башталды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.