Түркия аймакта коопсуздук чара көрүүлөрүн уланта берет

Ибрахим Калын, «Евфрат калканы» кыймлынынын 29-марттан тарта токтотулганын белгилеп, бул кыймыл ийгиликтүү болгонун жана Түркиянын аймакта коопсуздук чара көрүүлөрүн уланта турганын айтты.

703498
Түркия аймакта коопсуздук чара көрүүлөрүн уланта берет

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, «Евфрат калканы» кыймлынынын 29-марттан тарта токтотулганын белгилеп, бул кыймыл ийгиликтүү болгонун жана Түркиянын аймакта коопсуздук чара көрүүлөрүн уланта турганын айтты.

Калын, Барзанинин көз карандысыздык референдумун жарыялоосуна, «Биз мунун жаңылыш кадам болоорун ойлоодобуз. Анын үстүнө Иракта болуп жаткан ушул опурталдуу мезгилде, ДЕАШ жана ПКК менен жүргүзүп жаткан күрөшүбүз жагынан алганда, коопсуздук коркунучтары күчөп турган бул мезгилде ушундай бир теманын күн тартипке чыгарылышын туура көрбөйбүз»,-деди.

Израилдин азан айтууга тыюу салуу долбооруна сереп салган Калын: «Бул бир эле убакта Израилдин жерлеринде жашаган палестиналыктар, мусулмандар, берки арабдар үчүн да кабыл алынгыс абал. Израиль бул долбоордон эң кыска убакта баш тартат деп ойлойбуз.  Бул тыюу салуунун түнкү жымжырттык же тынчтык менен тиешеси жок. Азан-ы Мухаммеди дүйнөнүн эч бир жеринде эч кимдин тынчын албайт. Бул мыйзам долбоорун алып келгендер да мындан тынчсызданышпасын. Анткени Азан-ы Мухаммеди тынчтыкка, саламга, ынтымакка чакырат. Бул жаңылыштыктарынан эң кыска убакта кайтышын калаайбыз»,-деп айтты.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процедурасынын уланып жатканын айтты. Калын, чет өлкөдө добуш берүү укугуна ээ 2 миллиондон көп Түркия жаранынын бар экенин жарыялады. Ибрахим Калын 2014-жылдан бери ар бир шайлоодо чет өлкөдөн катышуу көрсөткүчү барган сайын артканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар