УКК өзгөчө кырдаалдын узартылышы тууралуу сунуш берген жок

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук коопсуздук кеңеши, 19-апрелде соңуна чыга турган өзгөчө кырдаалдын узартылышы тууралуу сунуш берген жок.

702007
УКК өзгөчө кырдаалдын узартылышы тууралуу сунуш берген жок

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) өзгөчө кырдаалдын узартылышы тууралуу сунуш берген жок.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук коопсуздук кеңеши, 19-апрелде соңуна чыга турган өзгөчө кырдаалдын узартылышы тууралуу сунуш берген жок.

Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин жарыяланган өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү октябрь жана январь айларында узартылган болчу.

Жыйналыштан кийинки жазуу түрүндөгү жарыяда Европа менен карым-катнаштар жана террор менен күрөшүү алдыңкы планга чыкты.

Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясында: « Акыркы күндөрдө түрк саясатчы жана мамлекеттик ишмерлерге каршы айрым Европа өлкөлөрүндөгү тийиштүү өкмөттөр тарабынан көрсөтүлгөн эл аралык укук эрежелери жана дипломатиялык эрежелерге терс мамилелери менен ушул алкактагы исламга каршы жикчилдик акциялары да талкууланды. Мамлекетибиздин физикалык кол салууларга дуушар болгон атуулдарыбыздын адилеттик жана укугунун корголушу жагдайында көрүлө турган чаралар сүйлөшүлдү»,-деп жазылды.

Жарыяда: «Өлкөбүздүн чек ара коопсуздугун камсыздоо, террор уюму ДЕАШтын өлкөбүзгө карай коркутуучу жана кол салуучу мамилесине бөгөт болуу, жеринен ажыраган сириялык туугандарыбыздын өлкөлөрүнө кайтууларына мүмкүнчүлүк берүү жана «Евфрат калканы» кыймылы аймагында тынчтык жана коопсуз түрдө жашоолорун уланта алууларын камсыздоо максатында жүргүзүлгөн кыймылдын ийгиликтүү жыйынтыкталганы айтылды»,делди.

Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясында айрыкча булар да орун алды: «Сирия жана Иракта террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө ПКК/ПЙД-ЙПГ террор уюму элементтеринин колдонулушунун, аймакта тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүнүн түзүлүүсүнө салым кошпой турганы, ошондуктан орто жана узун мөөнөттө жаңы маселелердин келип чыгышына себеп боло турганы дагы бир жолу белгиленди. Аймактагы бардык террор уюмдары менен таасирдүү күрөшкөн Түркиянын террорист катары жарыялаган топторго шериктештерибиздин акча, курал, аскердик материал колдоосунун достук карым-катнаштарыбызды буза турганы өзгөчө баса белгиленди».

16-апрелдеги элдик добуш берүүгө баратканда үкөк жана шайлоо коопсуздугу да Улуттук коопсуздук кеңешинин күн тартибинде талкууланган темалардан бири  болду.



Тектеш кабарлар