Эгерде чынчыл болсоңуздар террористтерди каалгага алып келесиздер

Эрдоган, Швейцариянын борбор шаары Бернде террор уюмун жактоочулар уюштурган митингге жана алар илген плакатка каршылык көрсөттү.

701157
Эгерде чынчыл болсоңуздар террористтерди каалгага алып келесиздер

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швейцариянын борбор шаары Бернде террор уюмун жактоочулар уюштурган митингге жана алар илген плакатка каршылык көрсөттү.

Самсунда тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган буларды айтты: «15-июлда (Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн төңкөрүш аракети) F-16лар, согуштук тик учарлар менен бизди жолубуздан баш тарттыра алышкан жок, булардын жасалма плакаты бизди жолубуздан баш тарттырабы? Бул кылган тарбиясыз мамилеңиз сиз тууралуу каттоолордо кара так катары калат, андан тышкары биз коркутууларга моюн сунбайбыз. Швейцария бул окуя тууралуу териштирүү баштаткан имиш. Бардыгы Швейцария мамлекетинин, өкмөтүнүн, полициясынын көз алдында болду. Алардын полицияларынын коргоосу астында болду. Бул митинг, Алп тоолорунун чокусунда эмес, Швейцария Парламентинин алдында болду. Койгула мындайыңарды. Сиз кимди алдап жатасыз? Эгерде чынчыл болсоңуздар террористтерди каалгага алып келесиздер».



Тектеш кабарлар