Түркия Республикасынын атуулдугу менен сыймыктанабыз

Президент Эрдоган жеке менчик бир телеканалда 16-апрелде боло турган Президенттик өкмөт системасын көздөгөн конституциялык өзгөртүү референдуму тууралуу суроолорго жооп берди.

700479
Түркия Республикасынын атуулдугу менен сыймыктанабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор менен күрөшүү уланып жатканда Түркия Республикасынын атуулдугу боюнча орток пайдада биригүү камсыздалганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган жеке менчик бир телеканалда 16-апрелде боло турган Президенттик өкмөт системасын көздөгөн конституциялык өзгөртүү референдуму тууралуу суроолорго жооп берди.

Террор менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтерге көңүл бурган президент Эрдоган: «Мамлекеттин улуту менен бүтүндөшүүсү орундалган Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында, 16-апрель ансыз деле кудум эле рентген сыяктуу болот. Ал рентген да өзүн көрсөтөт жана абдан ылдам, абдан башкача мезгил процесске кирет»,-деди.

Террор менен күрөшүлүп жатканда Түркия Республикасы атуулдугунун орток пайда болгонун баса белгилеген Президент, «мен күртмүн» дегендерди бооруна тарткандарын, бирок күртчүлүктү мажбурлаган учурунда бул жикчилдикке алып келгенин жана буга каршы болгондорун айтты.

Эрдоган сөзүн: «Ошон үчүн түркчүлүк, күртчүлүк, лазчылык, тиги же булчулук болбойт. Түркия Республикасынын атуулдугу боюнча орток пайдада биригүүбүз керек жана биз булар боюнча бөлүүчүлүк кылбайбыз. Жаратылганды жараткандан улам сүйөбүз. «80 миллион бир тууган» дейбиз. Биз муну аткарабыз. Бардыгыбыз тең Түркия Республикасынын атуулдугу менен сыймыктанабыз»,-деп улады.

Германиянын террор уюмдарына көрсөткөн колдоосунун документтерине да көңүл бурган президент Эрдоган: «Полициялык унаалардын ичинде террордук уюмдардын мүчөлөрү отурат жана ал жерден террор корбашчысынын портретин чыгарып көтөрүп жатат. Унаа полициянын унаасы. Колубузда документтери бар. Туруп алып анан Германия Федералдык кабар топтоо кызматынын (BND) «анын артында аны көргөн жерибиз жок» деп айтышы аларды акылуу кылбайт. Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин жакшылап көрбөгөндүн ден-соолугунан шек санайбыз»,-деп сереп салды.

Режеп Таййип Эрдоган АКШ бийлигине Сириянын Мүнбич аймагы темасында жеткирилген маалыматты да бөлүштү.

Президент: «Жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГ Мүнбичте кала албайт. Бул жер араб жерлери. Бул жерден чегинүүлөрү керек. Бул экөө тең террор уюму. Террор уюму менен кызматташууңузду НАТОнун ичиндеги стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө жараштыра албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар