Нидерландияда итке таланган Хүсейин Курт Түркияда

Хүсейин Курт Стамбулда эң жакшы шарттарда дарыланып жатат

697470
Нидерландияда итке таланган Хүсейин Курт Түркияда

Нидерландия полициясынын иттер менен кол салуусуна дуушар болгон Хүсейин Курт Түркияда.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Нидерландиянын Роттердам шаарында полициянын ити жырткычтык менен тиштеген түрк жараны Хүсейин Курттун эң жакшы медициналык тейлөө алышы үчүн Стамбулга алып келингенин белгиледи.

Чавушоглу социалдык медиадагы Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Саламаттык сактоо министрлигинин Хүсейиндин дарылануусун баштатканын жана түрк жарандарына колдоо көрсөтүүнү ар дайым, бардык шарттарда уланта тургандарын белгиледи.

11-мартта Нидерландияда Түркиянын Роттердамдагы башкы консулдугунун алдында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Саян Каяга колдоо көрсөтүү үчүн чогулган түрк жарандарынын арасында Хүсейин Курт Нидерландия полициясы тарабынан дубинка менен токмоктолуп, полициянын ити анын бутун тиштеген болчу.



Тектеш кабарлар