Батыштыктар мусулман жана түрк деп укканда нацизмге кайрылууда

Эрдоган бул карама-каршылыкка каршы албетте өзүнүн да айта тургандары бар экенин баса белгиледи.

697997
Батыштыктар мусулман жана түрк деп укканда нацизмге кайрылууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ/ПЙД тууралуу мамилесинин капага салуучу болгонун айтты.

Жеке менчик бир телеканалда күн тартип тууралуу суроолорго жооп берген Эрдоган, Сириядагы жикчил террор уюму жана колдоочулары тууралуу суроо боюнча, «Орусия жана АКШнын, ЙПГ, ПЙД, ПККга көрсөткөн колдоосу бизди капага салууда. Аларга айтканым үчүн азыр да ачык айтуудамын. Булардын бул аянттардан (Сириядан) чыгарылышы керек. Тазаланмайынча биздин Сириядагы милдетибиз аяктабайт. Аларды режим чакырыптыр. Ар бир чакырууга макул болуу туура эмес. Дүйнөлүк саясатта мындай нерсе жок»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германия жана Нидерландиянын Түрк министрлердин жыйналыштарына бөгөт койгону боюнча «нацизмге» окшогонун айтканынын аркасында туруп «Мындан эч ким тынчсызданбасын»,-деди.

«Нацизм деп айтышыбызды каалашпаса фашизм дейлиби?»-деп айткан Эрдоган, батышта түрк жана мусулман жөнүндө айтылганда бул жолго кайрылгандарын айтты.

Жикчил террор уюму ПККнын иш-чараларына уруксат берген немис бийлигинин Түркиянын президенти жөнүндө сөз болгондо тыюу салганын эске салган Эрдоган, «Мунун глобалдык укукта аты эмне?»-деп сурады.

Эрдоган бул карама-каршылыкка каршы албетте өзүнүн да айта тургандары бар экенин баса белгиледи.

Президент күн тартибинде Германияга сапары жок экенин да белгилеп, «Күн тартибимди 16-апрелдеги референдумдун жыйынтыгы белгилейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар