Конституциялык өзгөртүү Эрдоганга өтө көп ыйгарым укук берет деген айтымдар туура эмес

Ялчын Акдоган, ТРТда «Өзгөргөн Түркия» программасына конок болду.

696139
Конституциялык өзгөртүү Эрдоганга өтө көп ыйгарым укук берет деген айтымдар туура эмес

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анкара эл өкүлү Ялчын Акдоган, конституциялык өзгөртүүнүн президент Режеп Таййип Эрдоганга абдан чоң ыйгарым укук бериле турганы жөнүндөгү айтымдардын чындыкка жатпаганын айтты.

Ялчын Акдоган, ТРТда «Өзгөргөн Түркия» программасына конок болду.

«Саясий лидерлик жана Эрдоган» китебин тааныткан Акдоган, элдик добуш берүү талаштарына да токтолду.

Камкорчулук тартибинин толугу менен жоюлушу керектигин белгилеген Акдоган: «1960-жылдарда төңкөрүш аркылуу камкорчулук тартиби курулду жана дайыма 10 жылда бир тең-салмактуулукту кармап туруш үчүн демократияны балталап жатышты. 15-июль түнүндө кандуу төңкөрүш аракетинен кийин бул оюн бузулду, бирок коркунуч жана кыйынчылык да уланууда. Бул жерде системанын жаңылануусу жана бул камкорчулук тартибинин толугу менен жоюлушу керек»,-деп айтты.

Конституциялык өзгөртүү менен Эрдоганга чоң күч бериле турганы жөнүндөгү айтымдардын чындыкка жатпаганын баса белгилеген Акдоган: «Эки саптык бир нерсе чыгарып сиз бир кишини лидер кыла албайсыз, ага күч да өткөрө албайсыз. Мындайча айтканда Эрдогандын ушундай бир нерсеге муктаждыгы жок. Ушул убакка дейре башка президенттер да ушундай эле ыйгарым укукка ээ болушкан, бирок эч бири төңкөрүштүн мизин майтара турган жүрүш кыла алган жок. Элди танкаларга каршы тургуза алган жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар