Улуттук гимндин тексти улуттук макулдашуунун булагы

Эрдоган, Улуттук гимндин кабыл алынышынын 96-жылдыгына карата социалдык медиа тармагынан маанилүү бөлүшүү жасады.

689849
Улуттук гимндин тексти улуттук макулдашуунун булагы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Улуттук гимндин кабыл алынышынын 96-жылдыгына карата социалдык медиа тармагынан маанилүү бөлүшүү жасады.

Президент Эрдоган Улуттук гимндин кабыл алынышынын 96-жылдыгы боюнча Мехмет Акиф Эрсойду жана боштондук күрөшүнүн баатырларын эскерди.

Эрдоган, Улуттук гимнди өзү окуган видеону бөлүштү.

Президент окуган Улуттук гимн видеосу 10 миңдеген киши тарабынан жактырылды жана кайра бөлүшүлдү.

Эрдоган анда: «Боштондук гимнибиздин берген руху менен Түркияны буюрса бардыгыбыз бирге 2023-жыл максаттарына жана дагы күчтүү эртеңкилерге алып баруубузду улантабыз»,-деди.

«Улут катары Улуттук гимни сыяктуу бир текстке ээ болгонубуз үчүн канчалык сыймыктансак, канчалык шүкүр кылсак да аз»,-деп жазган президент Эрдоган, Улуттук гимндин улуттук макулдашуу тексти экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар