Түркия,Орусия жана АКШнын башкы штаб төрагалары жолугушту

Түркия,Орусия жана АКШнын башкы штаб төрагаларынын Антальядагы күтүлбөгөн жолугушуусу тууарлуу алгачкы билдирүү...

686758
Түркия,Орусия жана АКШнын башкы штаб төрагалары жолугушту

Башкы штаб төрагалыгы армия генералы Хулуси Акардын чакырууусу менен АКШнын башкы штаб төрагасы, армия генералы Жосеф Данфорд жана Орусиянын башкы штаб төрагасы Валерий Герасимовдун катышуусунда өткөрүлгөн жыйналыштын башкы темасы террор менен күрөшүү болгону жарыяланды.

Тараптар Сирияда кыймылын жүргүзгөн бардык террор уюмдары менен күрөшүүдө келип жеткен акыркы абалдан баштап Сирия жана Ирактагы аймактык коопсуздук маселелери туурасында пикир алмашышты.

Террор уюмдары менен алдыдагы мезгилде дагы таасирдүү күрөшүү үчүн үч өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн арасындагы кааланбаган окуялардын алдын алуунун алкагында жасала ала турган жаңы чара көрүүлөр да каралып чыкты.

Ушул алкакта тараптардын мындан мурда жетишилген, «Сирияда абадагы операциялардын координациялары» тууралуу макулдашууну, кургактыктагы аскерлер үчүн да кеңейтүүнү сүйлөшкөндөрүнө баа берилүүдө.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, саммит тууралуу бир күндүн ичиндеги маалымдоолорунда: «Сириянын бардык террордук уюмдарынан тазаланышы үчүн абдан жакшы координацияга муктаждыгы бар. Эгерде бул координация камсыздала албаса эч кааланбаган кагылышуу коркунучу туулушу мүмкүн»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар