Сергей Лавров - Эрдоган - Путин жолугушуусу
Лавров 10 - мартта Москвада жолугуша турган Орусиянын президенти В. Путин жана Президент Р. Т. Эрдогандын Сирия кризисин сүйлөшөрүн айтты
Орусиянын тышкы иштер Сергей Лавров 10 - мартта Москвада жолугуша турган Орусиянын президенти В. Путин жана Президент Р. Т. Эрдогандын Сирия кризисин сүйлөшөрүн айтты.
Эки тараптуу жана көп тараптуу каналдар аркылуу Сириядагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендерин белгилеген Лавров маанилүү нерсенин аймактагы чындыктарга көңүл буруу экендигин белгиледи.
Лавров азери кесиптеши Элмар Меммедияров менен Москвада жолугушкандан кийин берген маалыматында : «Түркия Азербайжан жана Орусиянын жакын өнөктөшү. Жума күнү Орусия жана Түркиянын ортосунда лидерлер деңгээлинде саммит өткөрүлөт. Соода, экономика, санкциялар, биргелешкен базис проектилери буларга кошулат»,- деди.
Түркия менен Орусиянын тышкы саясаттагы кызматташтыгынын да жолугушууда күн тартибине келерин белгилеген Лавров алдыңкылыктын Иран да кошулган орток инциатив менен Сирия кризисинин чечилишине, ок атышпоолор жана Астанада өкмөт менен оппозициянын ортосундагы саясий диалогго берилерин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.