Немистер террористтерге жардам бергени үчүн соттолушу керек

Президент Эрдоган Стамбулда бир сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө немистердин кылгандарын сындады.

684414
Немистер террористтерге жардам бергени үчүн соттолушу керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германияга катуу айтты...

Эрдоган эки министрдин жыйналыштарын жоюп таштаган Германияда жикчил террор уюму ПККнын корбашчыларынан бирөөнүн сөз сүйлөөсүнө уруксат берилгенин эске салып, «Булардын террорго жардам жана баш калкалатканы үчүн соттолушу керек. Окуя ушундай ачык көрүнүп турат»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда бир сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө адилет министри Бекир Боздаг жана экономика министри Нихат Зейбекчинин Германиядагы жыйналыштарынын жоюлушу туурасында серебин салды.

Эрдоган: «Ойлоп көрсөңүз адилет министрибизди сүйлөтпөй коюшту, экономика министрибизди сүйлөтпөй коюшту. Мен видеоконференция аркылуу ал жердеги аянт митингдерине катышмакмын, эки саатта конституциялык сот чечим чыгарды жана менин ал жерде сөз сүйлөөмө бөгөт койду.Бирок (ПККнын корбашчыларынан) Жемил Байыкты Кандилден ал жерге байланыштырышты жана Жемил Байык ал жерде сөз сүйлөдү. Террорго жардам жана баш калкалатканы үчүн булар соттолушу керек. Окуя ушундай ачык көрүнүп турат»,-деп айтты.

Эрдоган Германиянын «Die Welt» гезити үчүн иштеген бир кишинин Стамбулда өткөн аптада кармалышы тууралуу да маалымат берди.

 «Die Welt» гезитинин бул жердеги бир өкүлү камалды. Ушундан улам эмес, бир ай бул киши ПККнын өкүлү катары, немис тыңчысы катары бул киши Германиянын консулдугуна жашырынган. Бир ай жана «Муну бизге бергиле соттолсун» дегенибизде беришкен эмес. Муну мага канцлер Меркель айтканда мен ага муну айттым, «Сиздеги террористтерди биз талап кылуудабыз. Бизге эмне деп жатасыңар, сот көз карандысыз, тарапсыз», деп жатасыңар. Биз да учурда көз карандысыз жана тарапсыз сотубузга ишенебиз, бергиле соттошсун». Алгач беришкен жок, андан кийин эмне болгонун билбейм беришти жана сот милдетин аткарып, кармады. Бүгүнкү күндө жүздөгөн, миңдеген террорист Германияда ээн эркин жүрүшөт».



Тектеш кабарлар