Немис элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Германиянын Түркиядагы элчиси Мартин Эрдманн Тышкы иштер министрлигине чакыртылып окуя тууралуу каршылык көрсөтүлдү.

683690
Немис элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Түркия Германияга катуу каршылык көрсөттү...

Адилет министри Бекир Боздаг жана экономика министри Нихат Зейбекчинин, Германияда өткөрүүнү пландаган жыйналыштарынын жоюлушунан кийин Германиянын Түркиядагы элчиси Мартин Эрдманн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Европа менен байланыштар боюнча жооптуу кеңешчинин орун басары  Мехмет Кемал Бозай тарабынан кабыл алынган Эрдманнга Түркиянын тынчсыздануусу жана каршылык көрсөтүүсү билдирилди.

Германиянын элчиси менен эки министрдин өткөрө турган жыйналыштарына уруксат берилбешинин демократиялык укук мамлекети принциптерине шайкеш келбегени сыяктуу сөз эркиндигине да терс мамиле болгону кулак кагыш кылынды.

Адилет министри Бекир Боздаг, Германияда баяндамачы катары катыша турган иш-чаранын жоюлганы жөнүндө немис органдарынын түрк коомчулугунун жыйналыш өткөрүшүн кызгануусунун кабыл алынса боло турган нерсе болбогонун айтты.

«Гаггенау шаарындагы жыйналышка барганда Германиянын адилет министринин талабы боюнча жолугушуубуз өтмөк»,-деген Боздаг: «Бул антидемократиялык ишке ашырууларды кабыл алышыбыз мүмкүн эмес»,-деди.

Бир тараптан Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик, немис органдарынын адилет министри Бекир Боздагдын залда болуучу жыйналыштарына уруксат бербөөсүнө каршылык көрсөттү.

Социалдык медиа тармагы аркылуу жарыя жазган Челик, Германия менен демократия, укук мамлекети сыяктуу орток баалуулуктар бөлүшүлгөнүн белгилеп, «Бул баалууулктардын урматталышын күтүүдөбүз. Атуулдардын маалыматтандырылышы демократиялык укук болуп саналат. Бул укукка бөгөт коюлушу кабыл алынгыс жана түшүндүрүлгүс»,-деди.

Ушундай кылынып демократиялардын ортосундагы көпүрөлөрдүн бузулганын айткан Европа Биримдиги боюнча министр Челик: «Адамдарды бири-биринен бөлгөн идеологиялык Берлин дубалын куруп жатышат»,-деп жазды.

Челик, Германияда чыгарылган бул чечимдердин эркин дүйнөнүн баалуулуктарына баш ийгендер үчүн жеңилүү, жикчилдер үчүн ийгилик болгонун белгиледи жана «негизги баалуулуктарды» эске салды.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да социалдык медиа тармагынан бөлүшүүсүндө окуяны айыптады.

Калын: «Ар бир мүмкүнчүлүктө Түркияга демократия жана сөз эркиндиги сабагын берүүгө аракет кылгандардын чыныгы жүзү ушундай түрдөгү чечимдер менен ортого чыгып калат. Бул чатактуу чечимдин ПКК жана ФЕТӨ сыяктуу террор уюмдарына кучак жайган өлкөдө чыгарылышы Европанын келечеги жагынан санаага салат»,-деп жазды.

Германиядагы Баден-Вүртемберг провинциясынын Гаггенау шаарында адилет министри Бекир Боздаг сөз сүйлөй турган Европалык түрк демократтар биримдиги уюштурган иш-чарага «парк жери жана кире бериштер жетиштүү болбогону» шылтоо кылынып бөгөт коюлган.

 



Тектеш кабарлар