Германияда түрк министрлердин мекендештер менен жолугушуусуна бөгөт коюлду

Бекир Боздаг, Германияда баяндамачы катары катыша турган иш-чаранын жоюлганы жөнүндө немис органдарынын түрк коомчулугунун жыйналыш өткөрүшүн кызгануусунун кабыл алынса боло турган нерсе болбогонун айтты.

683587
Германияда түрк министрлердин мекендештер менен жолугушуусуна бөгөт коюлду

Адилет министри Бекир Боздаг, Германияда баяндамачы катары катыша турган иш-чаранын жоюлганы жөнүндө немис органдарынын түрк коомчулугунун жыйналыш өткөрүшүн кызгануусунун кабыл алынса боло турган нерсе болбогонун айтты.

Адилет министри Боздаг, Германиянын Гаггенау шаарында өткөрө турган жыйналыштын жоюлушу тууралуу Франциянын Страсбург шаарындагы жарыясында, «Тилекке каршы бүгүн уруксаты алынган, бардык даярдыктары жасалган бир жолугушууну өткөрө алган жокпуз. Ар дайым адам укуктары, демократия, укуктун үстөмдүгү, сөз эркиндиги боюнча сөз сүйлөгөн жана өздөрүнөн башка ар кимди бул темадагы кемчиликтери менен күнөөлөгөн, муну сындоого айландырган немис органдарынын, түрк коомчулугунун жыйналыш өткөрүшүнө кызганычтык кылышы кабыл алына турган нерсе эмес»,-деди.

«Гаггенау шаарындагы жыйналышка барганда Германиянын адилет министринин талабы боюнча жолугушуубуз өтмөк»,-деген Боздаг: «Күн белгилегенбиз. Карлсрухеде жолугуп саат 18:00де айрым темаларды чогуу кароо мүмкүнчүлүгүбүз болот эле. Бирок Гаггенауда боло турган жыйналыш жоюлганда мен да адилет министри менен сүйлөшүлгөн жолугушууну жойдум. Бул жыйналыш болбойт, бул жерден Түркияга кайтабыз»,-деп айтты.

Экономика министри Нихат Зейбекчинин да Кельн шаарындагы программасынын жоюлганын белгилеген Боздаг, «Бул антидемократиялык ишке ашырууларын кабыл алуубуз мүмкүн эмес»,-деди.

Бир тараптан Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик, немис органдарынын адилет министри Бекир Боздагдын залда болуучу жыйналыштарына уруксат бербөөсүнө каршылык көрсөттү.

Социалдык медиа тармагы аркылуу жарыя жазган Челик, Германия менен демократия, укук мамлекети сыяктуу орток баалуулуктар бөлүшүлгөнүн белгилеп, «Бул баалууулктардын урматталышын күтүүдөбүз. Атуулдардын маалыматтандырылышы демократиялык укук болуп саналат. Бул укукка бөгөт коюлушу кабыл алынгыс жана түшүндүрүлгүс»,-деди.

Ушундай кылынып демократиялардын ортосундагы көпүрөлөрдүн бузулганын айткан Европа Биримдиги боюнча министр Челик: «Адамдарды бири-биринен бөлгөн идеологиялык Берлин дубалын куруп жатышат»,-деп жазды.

Челик, Германияда чыгарылган бул чечимдердин эркин дүйнөнүн баалуулуктарына баш ийгендер үчүн жеңилүү, жикчилдер үчүн ийгилик болгонун белгиледи жана «негизги баалуулуктарды» эске салды.

Германиядагы Баден-Вүртемберг провинциясынын Гаггенау шаарында адилет минтстри Бекир Боздаг сөз сүйлөй турган Европалык түрк демократтар биримдиги уюштурган иш-чарага «парк жери жана кире бериштер жетиштүү болбогону» шылтоо кылынып бөгөт коюлган.



Тектеш кабарлар