Эрдоган Пакистандагы жолугушууларын улантууда

Президент Эрдоган, Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитиндеги сөзүндө болсо глобалдык террор менен күрөшүү маалыматын берди.

682709
Эрдоган Пакистандагы жолугушууларын улантууда
CUMHURBAŞKANI PAKİSTAN 4.jpg
CUMHURBAŞKANI PAKİSTAN 5.jpg
CUMHURBAŞKANI PAKİSTAN 4.jpg

Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммити үчүн Пакистанга барган президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов менен жолукту.

Эрдогандын Пакситандын премьер-министри Наваз Шарифтин саммитке катышкан лидерлердин урматына берген түшкү тамагынан кийин Түркмөнстандын мамлекет башчысы Бердимухамедов менен Премьер-министрликтеги жолугушуусу 1 саатка созулду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган бул жерде Ирандын президенти Хасан Рухани менен да жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Сириядагы абалдар жана террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү каралды.

Президент Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитиндеги сөзүндө болсо глобалдык террор менен күрөшүү маалыматын берип, «Кылгылыктын отун өчүрүп, аккан канды токтотушубуз керек»,-деди.

Эрдоган Пакистандын борбор калаасы Исламабадда өткөрүлгөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитине катышты.

Президент  террор уюмдарынын Жакынкы Чыгыштан тамыры жулунуп ыргытылышы керектигин айтты.

Эрдоган: “Алдыңкы планыбыз Сирия, Ирак жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдө аккан канды токтотуу»,-деди.

Президент Эрдоган, сөзүндө айрыкча Түркиянын энергетика темасына маани бергенин баса белгилеп, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда саясий колдошуу чакырыгын таштады.

Эрдоган: «Учурдагы сандар потенциалыбызды жетиштүү ишке ашырбаганыбызды көрсөтүп турат. Өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын артышы үчүн аба, кургактык жана деңиз жолу танспортунун сапатын жогоруташыбыз керек»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын абдан көп ири долбоорлорду ишке ашырганын белгилеп, бул долбоорлордун аймак өлкөлөрүнө да пайда алып келе турганын айтты.

Эрдоган, армяндардын Тоолуу Карабахты басып алуусунун да кабыл алынгыс болгонун, бул маселенин көрмөксөнгө салына албай турганына токтолду.

Президент Эрдоган, укуксуз изоляцияда кармалган Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен колдошуунун күчтөндүрүлүшү жөнүндө уюмга мүчө өлкөлөргө чакырык салды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган саммит убагында Тажикстандын президенти Рахман менен жолугушуу өткөрдү.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушуу орто эсеп менен 45 мүнөткө созулду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитине катышуу үчүн барган Пакистандын борбор калаасы Исламабадда кечээ Пакистандын президенти Мемнун Хүсейиндин лидерлердин урматына берген тамагына катышты.

Жабык эшик артында өткөн тамактануу 1 саат 30 мүнөткө созулду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган андан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Ал жолугушуу да жабык эшик артында болуп 50 мүнөткө созулду.

Президент  Эрдоган кечээки программасынын алкагында Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифти да кабыл алды.

Эске сала кетсек, Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн Пакистанга Кыргазыстандан Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барды.

Пакистандагы жолугушууларын аяктаган Эрдоганды «Нур Хан» аскердик аэропортунан Пакистандын укук жана адилет министри Захид Хамид, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Бабүр Гиргин жана жуайы Аслы Гиргин менен элчилик кызамткерлери, Түркиянын Тегерандагы элчиси Хакан Текин жана башка тийиштүүлөр узатып келишти. Эрдоган менен бирге жубайы Эмине Эрдоган жана коштоп барган министрлер Пакистандан атайын учак «TUR» менен Түркияга кайтты.

 



Тектеш кабарлар