ПЙД/ЙПГга берген куралдарды оппозициячылдарга бергениңерде ДЕАШ маселеси калмак эмес

Өмер Челик, АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга берген оор куралдарды оппозициячылдарга бергенде эмдигиче ДЕАШ маселеси бүтүрүлмөк экениндигин айтты.

679510
ПЙД/ЙПГга берген куралдарды оппозициячылдарга бергениңерде ДЕАШ маселеси калмак эмес

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга берген оор куралдарды оппозициячылдарга бергенде эмдигиче ДЕАШ маселеси бүтүрүлмөк экениндигин айтты.

Польшага сапары убагында журналисттерге маалымат берген Өмер Челик, АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун ПЙД/ЙПГны Сириядагы «жалгыз кургактык күчү» катары аныктап курал колдоосун көрсөтүшүнүн террор менен күрөшүүдөгү эң маанилүү жаңылыштыктардан бири болгонун белгилеп, «ЙПГге берген оор куралдарды, зооттолгон унааларды оппозициячылдарга бергенде ДЕАШ меселеси дагы калмак эмес террористтер менен кызматташуу мажбурдуулугу да калмак эмес»,-деди.

Челик, премьер-министр Йылдырымдын жуманын акырында Германиянын Мюнхен шаарында жолуккан, бул аптанын акырында да борбор калаа Анкарада жолугушууларды өткөрүшү күтүлгөн Ирактын аймактык күрт башкаруусунун төрагасы Месуд Барзаниден Түркиянын күтүүлөрүн да баяндады.

«Биринчиси Синжардын экинчи Кандил болушун көрмөксөнгө сала албайбыз, буга уруксат бербейбиз. Бул темада досторубуздун кайдыгер болбоосун күтөбүз»,деген Челик, экинчиси ПККнын ылайыктуу топ катары көрүнүп, Жакынкы Чыгыш аймагындагы христиан топтордун колдоочусу сыяктуу мамиле кылып Батыштан  симпатия чогултууга аракет кылышынын алдын алуусу керектигин белгиледи.

Убак-убагы менен Түркиянын ПЙД/ЙПГ менен карым-катнаштарына карай ар башка сөздөрдүн айтылганын, мисал үчүн өтмүштө ПЙДнын лидери Салих Мүслимдин Анкарага чакыртылып сүйлөшүлгөнү эске салынганын белгилеген Челик: «Биздин негизинен мындан мурда Салих Мүслим менен сүйлөшүүбүз ПЙДнын белгилүү бир жерде токтотушуна карай маалыматтарды берүү эле, Сирияда кандайдыр бир күрт иш-чарасына карата жаман ойлуу болбогонубузду көрсөтүп турат. Бирок андан кийин ПЙД өз катарын тандап ПКК менен органикалык байланышын күчтөндүрдү, Түркияга коркунуч туудурган кадамдарды таштай баштады. Буга уруксат берилбейт»,-деп айтты.

ЕБ боюнча министр, Европанын террор уюмдары темасындагы кош стандарттуу мамилеси тууралуу да Түркиянын ДЕАШ кол салууларына дуушар болгондо Европа мекемелери муну имараттардын үстүнө Түркия желегин илип чагылдырып колдошуу көрсөткөнүн, бирок андан да кандуу кыймылдарды кылганына карабастан эч бир ПКК кол салуусуна каршы мындай колдошууну Европанын көрсөтпөгөнүнө көңүл бурду.

Челик: «Анда  мындай аныктоо айтыш керек болот; Европаны азапка салган террор уюму, Европаны азапка салбаган террор уюму эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар