Бинали Йылдырым - Наваз Шериф пресс - жыйын өткөрүштү
Пресс - жыйында конок премьер - министр ФЕТӨ тууралуу Түркияга колдоо беришерин кайталады
678856
Түркия - Пакистан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйыны Анкарада болуп өттү. Жыйындан кийин премьер – министр Бинали Йылдырым жыйын үчүн борбор шаар Анкарага келген Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф менен биргелешкен пресс – жыйын өткөрдү.
Йылдырым пресс – жыйында сүйлөгөн сөзүндө Фетуллахчы террордук уюм иш алып барган 170ке жакын өлкө үчүн коркунуч туудургандыгын айтты. Йылдырым Пакистанда ФЕТӨнүн жашай албай тургандыгын белгиледи. Конок премьер – министр да ФЕТӨ менен күрөшүү тууралуу Түркияга берген колдоосун кайталады.