Террористтер багынышты
5 террорист Шырнактын Силопи районунун жакындарындагы Хабур чек ара капкасында коопсуздук күчтөрүнө багынды
677519
![Террористтер багынышты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/46db/6621/8a66/585918ec5d0e4.jpg?time=1718672565)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзгөн операциясында 17 террорист өлтүрүлдү. Хаккари элети менен Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияда үңкүрдөгү ПКК мүчөсү 15 террорист өлтүрүлдү.
Чукуржада аныкталган жикчил террордук уюмга таандык буталар минометтор менен атылды. Эки террорист өлтүрлүп, көп сандаган террорист жараланды.
Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү террордук уюм ПККнын лагерлеринен качкан 5 террорист Шырнактын Силопи районунун жакындарындагы Хабур чек ара капкасында коопсуздук күчтөрүнө багынды. Террористтердин коопсуздук директорлугундагы териштирүүсү улантылууда.